# 60-берене. Жорук жасоонун мүлкүн, куралдарын жана каражаттарын конфискациялоо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жоруктан жөнүндө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111529)
- Документтеги орду: 13-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 1-февралындагы № 18 "Кыргыз Республикасынын Жоруктан жөнүндө кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 18
- Кабыл алынган күнү: 01.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111529/st-60>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-32/edition/1107363/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111529/st-60.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жоруктан жөнүндө кодекси, 60-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111529/st-60

---

1. Жорук жасоонун мүлкүн, куралдарын жана каражаттарын конфискациялоо болуп айыптоо өкүмүнүн негизинде, акы төлөбөстөн милдеттүү түрдө төмөнкүлөрдү алып коюу жана андан ары мамлекеттин кирешесине киргизүү саналат:

1) жорук жасоонун натыйжасында алынган акчаны, баалуулуктарды жана бөлөк мүлктү;

2) жорук жасоонун натыйжасында алынган мүлктү жана бул мүлктөн түшкөн киреше айрым бөлүгүндө же толугу менен айландырылган же өзгөртүлгөн акчаны, баалуулуктарды жана бөлөк мүлктү;

3) жорук жасаган адамга тиешелүү болгон жорук жасоонун куралдарын, жабдууларын же башка каражаттарын.

2. Эгерде жорук жасоонун натыйжасында алынган акча, баалуулуктар жана бөлөк мүлк же бул мүлктөн алынган киреше мыйзамдуу жол менен алынган мүлккө кошулса, бул мүлктүн кошулган мүлктүн жана андан алынган кирешенин наркына туура келген бөлүгү конфискацияланууга жатат.

3. Жорук жасаган адам тарабынан башка адамга берилген акча, баалуулуктар жана бөлөк мүлк, ошондой эле жорукту жасоонун куралдары, жабдуулары жана бөлөк каражаттары, эгерде мүлктү кабыл алган адам ал мүлктүн жорук жасоонун натыйжасында алынганын же болбосо жорук жасоонун каражаты болгонун билсе же иштин жагдайлары боюнча билүүгө тийиш болсо, конфискацияланууга жатат. Мындай мүлктү конфискациялоо жөнүндө талаштар жарандык мыйзамдарда каралган тартипте чечилет.

4. Жорук жасоонун конфискацияланган предметтерин, куралдарын жана каражаттарын мамлекеттин кирешесине киргизүүнүн же жок кылуунун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

---

Мурунку берене: [59-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111529/st-59)  
Кийинки берене: [61-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111529/st-61)
