# 54-берене. Бир нече жорукту, ошондой эле кылмышты жана жорукту жасаганы үчүн жаза дайындоо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жоруктан жөнүндө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111529)
- Документтеги орду: 11-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 1-февралындагы № 18 "Кыргыз Республикасынын Жоруктан жөнүндө кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 18
- Кабыл алынган күнү: 01.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111529/st-54>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-32/edition/1107363/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111529/st-54.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жоруктан жөнүндө кодекси, 54-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111529/st-54

---

1. Бир адам эки же андан көп жорук жасаганда, ар бир жорук үчүн өзүнчө жаза дайындалат жана өз алдынча аткарылат. Мында жазанын кайсы болбосун түрүнүн максималдуу мөөнөтү жазанын ушул Кодексте каралган тиешелүү түрүнүн мөөнөтүнө же өлчөмүнө караганда көп болбоого тийиш.

2. Адам жорук жасаса, ал үчүн соттолбосо же соттолуп, бирок жазасын толук өтөбөсө, андан кийин кылмыш жасаса же болбосо адам кылмыш жасаса, ал үчүн соттолбосо же соттолуп, бирок жазасын толук өтөбөсө, андан кийин жорук жасаса, сот Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 81-беренесинин 7-бөлүгүнүн жоболоруна ылайык, жазаларды аткаруу жөнүндө токтом чыгарат.

---

Мурунку берене: [53-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111529/st-53)  
Кийинки берене: [55-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111529/st-55)
