# 53-берене. Жорук үчүн жазаны оордотуучу жагдайлар

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жоруктан жөнүндө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111529)
- Документтеги орду: 11-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 1-февралындагы № 18 "Кыргыз Республикасынын Жоруктан жөнүндө кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 18
- Кабыл алынган күнү: 01.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111529/st-53>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-32/edition/1107363/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111529/st-53.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жоруктан жөнүндө кодекси, 53-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111529/st-53

---

1. Жорук үчүн жазаны оордотуучу жагдайлар болуп төмөнкүлөр таанылат:

1) тийиштүү ыйгарым укуктуу адамдардын укукка каршы жүрүм-турумду токтотуу тууралуу талаптарына карабастан аны улантуу;

2) жорукту адамдардын тобу менен же алдын ала сүйлөшүп алган адамдардын тобу менен жасоо;

3) жорукту жасоого жашы жетелекти тартуу;

4) жорукту коомдук кырсыктын, чукул же аскердик абалдын шарттарында жасоо;

5) балага, жашы жетелекке, карыя адамга же алсыз абалдагы адамга карата билип туруп жорук жасоо;

6) боюнда бар экенин билип туруп аялга карата жорук жасоо;

7) күнөөлүүгө материалдык, кызматтык же башкача көз каранды болгон адамга карата жорук жасоо;

8) жин оорусунан, психикасынын убактылуу бузулушунан, кем акылдыгынан же психикасынын башкача оорулуу абалынан улам өзүнүн аракетин (аракетсиздигин) түшүнбөгөн же аны жетектей албаган адамды жорук жасоого көкүтүү, буга тете эле мындай адамды жорук жасоого пайдалануу;

9) расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык касташуу (араздашуу) кыртышында жорук жасоо;

10) мас абалда жорук жасоо. Жоруктун мүнөзүнө жараша сот бул жагдайды оордотуучу жагдай деп тааныбоого укуктуу.

2. Жазаны дайындоодо сот ушул Кодексте каралбаган жагдайларды жазаны оордотуучу жагдайлар деп тааный албайт.

---

Мурунку берене: [52-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111529/st-52)  
Кийинки берене: [54-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111529/st-54)
