# 51-берене. Жорук үчүн жаза дайындоо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жоруктан жөнүндө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111529)
- Документтеги орду: 11-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 1-февралындагы № 18 "Кыргыз Республикасынын Жоруктан жөнүндө кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 18
- Кабыл алынган күнү: 01.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111529/st-51>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-32/edition/1107363/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111529/st-51.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жоруктан жөнүндө кодекси, 51-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111529/st-51

---

1. Жорук үчүн жазаны сот гана дайындайт.

2. Сот жазаны ушул Кодекстин Өзгөчө бөлүгүнүн жасалган жорук үчүн жоопкерчиликти караган тиешелүү беренесинде (беренесинин бөлүгүндө) белгиленген чектерде, ушул Кодекстин Жалпы бөлүгүнүн жоболорун сактоо менен дайындайт.

3. Ушул Кодекстин 43-беренесинде каралган жазанын кыйла катаал түрү жазанын азыраак катаал түрү жазанын максаттарын жүзөгө ашырууну камсыз кыла албаган учурда гана дайындалышы мүмкүн.

4. Эгерде адамды жоопкерчиликке тартуу боюнча ушул Кодекстин Өзгөчө бөлүгүнүн беренесинде (беренесинин бөлүгүндө) жоруктун белгиси катары жеңилдетүүчү же оордотуучу жагдай каралса, жаза дайындоодо ушундай эле жагдай көңүлгө алынбайт.

---

Мурунку берене: [50-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111529/st-50)  
Кийинки берене: [52-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111529/st-52)
