# 49-берене. Айып пул

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жоруктан жөнүндө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111529)
- Документтеги орду: 10-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 1-февралындагы № 18 "Кыргыз Республикасынын Жоруктан жөнүндө кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 18
- Кабыл алынган күнү: 01.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111529/st-49>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-32/edition/1107363/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111529/st-49.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жоруктан жөнүндө кодекси, 49-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111529/st-49

---

1. Айып пул - ушул Кодексте белгиленген учурларда, өлчөмдө жана тартипте, акчалай түрдө сот тарабынан дайындалуучу жаза.

2. Айып пул эсептик көрсөткүч менен эсептелет.

3. Айып пул жазанын негизги түрү катары өлчөмү боюнча эки категорияга бөлүнөт:

1) I категория: жашы жетелектер үчүн - 50дөн 150гө чейинки эсептик көрсөткүч өлчөмүндө, башка жеке жактар үчүн - 200дөн 300гө чейинки эсептик көрсөткүч өлчөмүндө;

2) II категория: жашы жетелектер үчүн - 150ден 250гө чейинки эсептик көрсөткүч өлчөмүндө, башка жеке жактар үчүн - 300дөн 600гө чейинки эсептик көрсөткүч өлчөмүндө.

4. Адам жорук үчүн айып пул түрүндөгү жазаны аткаруудан качкан учурда Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 351-беренесинин негизинде жазык жоопкерчилигине тартылат.

---

Мурунку берене: [48-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111529/st-48)  
Кийинки берене: [50-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111529/st-50)
