# 47-берене. Белгилүү бир кызмат орундарын ээлөө же белгилүү бир ишти жүргүзүү укугунан ажыратуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жоруктан жөнүндө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111529)
- Документтеги орду: 10-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 1-февралындагы № 18 "Кыргыз Республикасынын Жоруктан жөнүндө кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 18
- Кабыл алынган күнү: 01.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111529/st-47>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-32/edition/1107363/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111529/st-47.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жоруктан жөнүндө кодекси, 47-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111529/st-47

---

1. Белгилүү бир кызмат орундарын ээлөө же белгилүү бир ишти жүргүзүү укугунан ажыратуу жорукту жасаган адамга карата сот белгилеген мөөнөттүн ичинде анын мамлекеттик кызматта же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында кызмат орунду ээлешине же болбосо кесиптик же башка ишти жүргүзүшүнө тыюу салынганын билдирет.

2. Белгилүү бир кызмат орундарын ээлөө же белгилүү бир ишти жүргүзүү укугунан ажыратуу жазанын негизги түрү катары өлчөмү боюнча төмөнкүдөй эки категорияга бөлүнөт:

1) I категория - алты айдан бир жылга чейинки мөөнөткө;

2) II категория - бир жылдан эки жылга чейинки мөөнөткө.

3. Эгерде адам белгилүү бир кызмат ордун ээлебегенде же белгилүү бир ишти жүргүзбөгөндө жасай алмак эмес болгон жорукту адамдын жасаган мүнөзүнө жараша сот тарабынан жазанын кошумча түрү катары алты айдан бир жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат орундарын ээлөө же белгилүү бир ишти жүргүзүү укугунан ажыратууга дайындалат.

---

Мурунку берене: [46-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111529/st-46)  
Кийинки берене: [48-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111529/st-48)
