# 45-берене. Коомдук жумуштар

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жоруктан жөнүндө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111529)
- Документтеги орду: 10-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 1-февралындагы № 18 "Кыргыз Республикасынын Жоруктан жөнүндө кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 18
- Кабыл алынган күнү: 01.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111529/st-45>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-32/edition/1107363/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111529/st-45.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жоруктан жөнүндө кодекси, 45-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111529/st-45

---

1. Коомдук жумуштар жорукту жасоого күнөөлүү деп таанылган адамдын коомдун пайдасына акысыз жумуштарды аткаруусунда турат, мындай жумуштардын конкреттүү түрүн жазык-аткаруу мыйзамдарына ылайык пробация органдары менен бирдикте жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары аныктайт. Коомдук жумуштар иштен жана окуудан бош убакытта, күнүнө 4 сааттан ашпаган убакытта, ал эми иштебегендер жана окубагандар тарабынан - күнүнө 8 сааттан ашпаган убакытта аткарылат.

2. Коомдук жумуштар өлчөмү боюнча эки категорияга бөлүнөт:

1) I категория: жашы жетелектер үчүн - 20 сааттан 30 саатка чейин, башка жеке жактар үчүн - 30 сааттан 40 саатка чейин;

2) II категория: жашы жетелектер үчүн - 30 сааттан 40 саатка чейин, башка жеке жактар үчүн - 40 сааттан 60 саатка чейин.

3. Коомдук жумуштар I жана II топтогу майып деп таанылган адамдарга, боюнда бар аялдарга, ошондой эле бала багуу боюнча өргүүдө жүргөн жана (же) жашы жетелек майып балдары бар аялдарга жана эркектерге, пенсия жаш курагына жеткен адамдарга, мөөнөттүү кызматтагы аскер кызматчыларына карата дайындалбайт.

4. Адам коомдук жумуштарды аткаруудан кыянаттык менен качса, пробация органынын сунушу боюнча сот бул жазаны II категориядагы айыппулга алмаштырышы мүмкүн.

5. Адам ушул берененин 4-бөлүгүнө ылайык дайындалган айыппулду үч айдын ичинде төлөбөсө, айыппулдун суммасы эки эсеге көбөйтүлөт. Адам андан кийин да айыппулду төлөөдөн качса, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 351-беренесинин негизинде жазык жоопкерчилигине тартылат.

---

Мурунку берене: [44-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111529/st-44)  
Кийинки берене: [46-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111529/st-46)
