# 43-берене. Жазалардын түрлөрү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жоруктан жөнүндө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111529)
- Документтеги орду: 10-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 1-февралындагы № 18 "Кыргыз Республикасынын Жоруктан жөнүндө кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 18
- Кабыл алынган күнү: 01.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111529/st-43>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-32/edition/1107363/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111529/st-43.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жоруктан жөнүндө кодекси, 43-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111529/st-43

---

1. Жорук жасоого күнөөлүү деп таанылган адамдарга сот тарабынан негизги жазалардын төмөнкү түрлөрү - катаалдыгы азыраагынан катаалдыгы көбүрөөгүнө карай ырааттуулукта колдонулушу мүмкүн:

1) коомдук жумуштар;

2) эркиндикти чектөө;

3) белгилүү бир кызмат орундарын ээлөө же белгилүү бир ишти жүргүзүү укугунан ажыратуу;

4) түзөтүү жумуштары;

5) айып пул;

6) аскер кызматчыларына карата камак.

2. Жорук жасоого күнөөлүү деп таанылган адамга сот, белгилүү бир жаза ушул Кодекстин Өзгөчө бөлүгүнүн жоболоруна ылайык ушул адамга дайындалбаган учурларды кошпогондо, ушул Кодекстин Өзгөчө бөлүгүнүн жоопкерчилик келип чыгуучу беренесинин (беренесинин бөлүгүнүн) санкциясында каралган тиешелүү категориядагы кандай гана жаза болбосун колдоно алат.

3. Жорук үчүн жазалардын түрлөрү ушул Кодекске карата 2-тиркемеде берилген эрежелерге ылайык, катаалдыгынын даражасы боюнча өз ара ылайыкташтырылат.

---

Мурунку берене: [42-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111529/st-42)  
Кийинки берене: [44-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111529/st-44)
