# 41-берене. Эскирүү мөөнөтү өткөнүнө байланыштуу жорук жоопкерчилигинен бошотуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жоруктан жөнүндө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111529)
- Документтеги орду: 9-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 1-февралындагы № 18 "Кыргыз Республикасынын Жоруктан жөнүндө кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 18
- Кабыл алынган күнү: 01.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 10 марта 2021 года № 29 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере уголовного законодательства"](https://aqlex.ai/kg/doc/112186)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111529#diff=1107368..1107369>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111529/st-41>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-32/edition/1107363/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111529/st-41.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жоруктан жөнүндө кодекси, 41-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111529/st-41

---

1. Эгерде жорук жасалган күндөн тартып соттун тиешелүү өкүмү мыйзамдуу күчүнө кирген күнгө чейин эки жыл өтсө, адам жорук жоопкерчилигинен бошотулат.

2. Эгерде жорук жасаган адам соттон качса, эскирүүнүн өтүшү токтотулуп турат. Бул учурларда эскирүүнүн өтүшү адам кармалган күндөн тартып кайра жаңыртылат. Эгерде жорук жасалган убактан бери үч жыл өтсө, адам жоопкерчиликтен бошотулат.

3. Эгерде ушул берененин 1 жана 2-бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн мөөнөттөр аяктаганга чейин адам жаңы жорук жасаса, эскирүүнүн өтүшү токтотулат. Бул учурда эскирүү мөөнөтүн эсептөө жаңы жорук жасалган күндөн тартып башталат. Мында мөөнөт ар бир жорук үчүн өзүнчө эсептелет.

4. Эгерде шектелгендиги тууралуу кабарлама чыгарыла турган адам аныкталбаган болсо, ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн мөөнөттөр өткөндөн кийин жоруктар жөнүндө иш кыскартылат.

(КР 2021-жылдын 10-мартындагы № 29 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [40-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111529/st-40)  
Кийинки берене: [42-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111529/st-42)
