# 4-берене. Мыйзам алдындагы теңдик принциби

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жоруктан жөнүндө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111529)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 1-февралындагы № 18 "Кыргыз Республикасынын Жоруктан жөнүндө кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 18
- Кабыл алынган күнү: 01.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111529/st-4>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-32/edition/1107363/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111529/st-4.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жоруктан жөнүндө кодекси, 4-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111529/st-4

---

1. Ушул Кодексте каралган жосундарды жасаган адамдар мыйзам алдында тең жана жынысына, расасына, тилине, майыптыгына, этностук таандыктыгына, диний ишенимине, жаш курагына, саясий же башка ынанымдарына, билимине, тегине, мүлктүк же башка абалына, ошондой эле башка жагдайларга карабастан, жазык жоопкерчилигине тартылууга тийиш.

2. Ушул Кодекстин адамдардын айрым категорияларын жазык жоопкерчилигине тартуунун жана аларга жаза берүүнүн өзгөчөлүктөрүн аныктаган жоболору теңдикти бузуу болуп эсептелбейт, бул категориялар төмөнкүлөр:

1) аялдар, биринчи кезекте кош бойлуу болгонуна, төрөгөнүнө жана бала эмизгенине байланыштуу;

2) бала багуу боюнча өргүүдөгү аялдар же эркектер;

3) жашы жетелектер;

4) аскердик каттоодо турган адамдар жана аскер кызматын өтөп жатканына жана мобилизациялоого байланышкан адамдар;

5) майыптар, эмгекке жарамсыз адамдар жана башка адамдарга кооптуулук жаратуучу оорусу бар адамдар;

6) Кыргыз Республикасында туруктуу жашабаган чет өлкөлүктөр жана жарандыгы жок адамдар.

---

Мурунку берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111529/st-3)  
Кийинки берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111529/st-5)
