# 37-берене. Негиздүү тобокелдик

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жоруктан жөнүндө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111529)
- Документтеги орду: 8-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 1-февралындагы № 18 "Кыргыз Республикасынын Жоруктан жөнүндө кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 18
- Кабыл алынган күнү: 01.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111529/st-37>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-32/edition/1107363/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111529/st-37.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жоруктан жөнүндө кодекси, 37-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111529/st-37

---

1. Коомдук пайдалуу максатка жетишүү үчүн негиздүү тобокелдикке барганда, укуктук жактан корголуучу кызыкчылыктарга зыян келтирүү жорук болуп саналбайт.

2. Эгерде жасалган жосун заманбап илимий-техникалык билимге жана тажрыйбага туура келсе, коюлган максатка тобокелдик менен байланышпаган аракеттер аркылуу жетүүгө болбосо жана мында тобокелдикке жол берген адам укуктук жактан корголуучу кызыкчылыктарга карата зыянды болтурбоо үчүн бардык мүмкүн болгон чараларды көрсө, тобокелдик негиздүү деп таанылат.

3. Эгерде тобокелдик адамдардын курман болуу, экологиялык алааматтын же болбосо башка оор кесепеттердин келип чыгуу коркунучу менен коштолуусу мурдатан дайын болсо негиздүү деп таанылбайт.

---

Мурунку берене: [36-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111529/st-36)  
Кийинки берене: [38-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111529/st-38)
