# 35-берене. Жорук жасаган адамды кармоо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жоруктан жөнүндө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111529)
- Документтеги орду: 8-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 1-февралындагы № 18 "Кыргыз Республикасынын Жоруктан жөнүндө кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 18
- Кабыл алынган күнү: 01.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111529/st-35>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-32/edition/1107363/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111529/st-35.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жоруктан жөнүндө кодекси, 35-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111529/st-35

---

1. Жазыктык-укукка каршы кол салуу (ушул Кодекске ылайык жаш курагына, акыл-эси соо эмесине же башка жагдайларга байланыштуу жазык жоопкерчилигин тартпай турган адамдын жоругу же укукка каршы жосуну) жасалган учурда же жасалгандан кийин дароо эле күнөөлүү адамды кармаганда жабырлануучунун же башка адамдардын бул адамга зыян келтирген аракеттери, эгерде бул аракеттер кармалган адамды бийлик органдарына өткөрүп берүү максатында жасалса жана бул адамды башка ыкма менен кармоого мүмкүн болбосо жана кармоо чараларынын кармалган адам жасаган жазыктык-укукка каршы кол салуунун мүнөзүнө жана оордук даражасына жана ушул адамды кармоонун жагдайларына ачык туура келбөөсүнө жол берилбесе, жорук болуп саналбайт.

2. Кармоо каражаттарынын жана ыкмаларынын кармалган адам жасаган жазыктык-укукка каршы кол салуунун мүнөзүнө жана оордук даражасына жана ушул адамды кармоонун жагдайларына ачык туура келбөөсү, мунун натыйжасында адамга кармоонун зарылдыгынан келип чыкпаган зыянды атайылап келтирүү ушул Кодексте каралган жосунду жасаган адамды кармоо үчүн зарыл чаралардан ашып кетүү деп таанылат. Адамды кармоо үчүн зарыл чаралардан ашып кетүү Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинде каралган учурларда гана жоопкерчиликке алып келет.

---

Мурунку берене: [34-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111529/st-34)  
Кийинки берене: [36-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111529/st-36)
