# 33-берене. Аргасыз зарылдык

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жоруктан жөнүндө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111529)
- Документтеги орду: 8-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 1-февралындагы № 18 "Кыргыз Республикасынын Жоруктан жөнүндө кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 18
- Кабыл алынган күнү: 01.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111529/st-33>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-32/edition/1107363/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111529/st-33.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жоруктан жөнүндө кодекси, 33-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111529/st-33

---

1. Аргасыз зарылдык абалында, башкача айтканда ушул адамдын же башка адамдардын инсандыгына жана укуктарына, коомдун жана мамлекеттин кызыкчылыктарына болгон коркунучту жоюу үчүн укуктук жактан корголуучу кызыкчылыктарга ошол адам тарабынан зыян келтирүү, эгерде ушул жагдайларда коркунучту башка каражаттар менен жоюуга болбосо жана келтирилген зыяндын орчундуулугу бөгөт коюлган зыяндан кыйла аз болсо, жорук деп саналбайт.

2. Бөгөт коюлган зыянга тең же андан кыйла орчундуу зыян укуктук жактан корголуучу кызыкчылыктарга келтирилген шартта, келтирилген коркунучтун мүнөзүнө жана даражасына жана коркунуч жоюлган жагдайларга ачык туура келбеген атайылап зыян келтирүү аргасыз зарылдыктын чегинен чыгуу деп таанылат. Аргасыз зарылдыктын чегинен чыгуу Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинде каралган учурларда гана жоопкерчиликке алып келет.

---

Мурунку берене: [32-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111529/st-32)  
Кийинки берене: [34-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111529/st-34)
