# 32-берене. Зарыл коргонуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жоруктан жөнүндө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111529)
- Документтеги орду: 8-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 1-февралындагы № 18 "Кыргыз Республикасынын Жоруктан жөнүндө кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 18
- Кабыл алынган күнү: 01.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111529/st-32>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-32/edition/1107363/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111529/st-32.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жоруктан жөнүндө кодекси, 32-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111529/st-32

---

1. Эгерде зарыл коргонуунун чегинен чыгууга жол берилбесе, коргонуп жаткан адамдын же башка адамдын мыйзам менен корголуучу укуктарын жана кызыкчылыктарын, ошондой эле коомдук кызыкчылыктарды жана мамлекеттин кызыкчылыктарын укукка каршы кол салуудан, кол салуучуга ошол жагдайда кол салууга дароо бөгөт коюу же аны токтотуу үчүн зарыл жана жетиштүү зыян келтирүү аркылуу коргоо максатында жасалган аракеттер зарыл коргонуу деп таанылат.

2. Кол салуу коркунучуна же коргонуу жагдайына ачык туура келбеген зыянды кол салуучуга атайылап келтирүү зарыл коргонуунун чегинен чыгуу деп таанылат. Зарыл коргонуунун чегинен чыгуу Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинде каралган учурларда гана жоопкерчиликке алып келет.

3. Эгерде түзүлгөн жагдайда адам укукка каршы реалдуу кол салуу жок экенин аңдай албаса, бирок аңдап түшүнүшү мүмкүн болсо, ал абайлабагандан зыян келтиргени үчүн жоопкерчиликке тартылууга жатат.

---

Мурунку берене: [31-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111529/st-31)  
Кийинки берене: [33-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111529/st-33)
