# 23-берене. Абайлабагандан жасалган жорук

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жоруктан жөнүндө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111529)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 1-февралындагы № 18 "Кыргыз Республикасынын Жоруктан жөнүндө кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 18
- Кабыл алынган күнү: 01.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111529/st-23>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-32/edition/1107363/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111529/st-23.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жоруктан жөнүндө кодекси, 23-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111529/st-23

---

1. Жеңил ойлуулуктан же этибарсыздыктан улам жасалган, укукка каршы жосун абайлабагандан жасалган жорук деп таанылат.

2. Эгерде адам өз жосунун жазыктык укукка каршы аракет катары баалабай, ошентсе да этияттык кылуу зарылдыгын аңдаса жана зыян келтирүү мүмкүндүгүн алдын ала көрсө, бирок зыян келтирилбейт деп негизсиз үмүт кылса, жорук жеңил ойлуулуктан улам жасалган деп таанылат.

3. Эгерде адам этияттык кылуу зарылдыгын аңдоого жана зыян келтирүү мүмкүндүгүн алдын ала көрүүгө тийиш экенине жана ошондой кыла ала турганына карабастан, этияттык кылуу зарылдыгына этибарсыздык менен мамиле жасагандан улам мындай зарылдыкты аңдабаса жана зыян келтирүүнү алдын ала көрбөсө, жорук этибарсыздыктан улам жасалган деп таанылат.

4. Этияттык кылуу зарылдыгы ченемдик укуктук актылардын талаптары жана (же) башка жактардын кызыкчылыктары менен шартталышы мүмкүн.

---

Мурунку берене: [22-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111529/st-22)  
Кийинки берене: [24-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111529/st-24)
