# 21-берене. Күнөө жана бейкүнөө зыян келтирүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жоруктан жөнүндө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111529)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 1-февралындагы № 18 "Кыргыз Республикасынын Жоруктан жөнүндө кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 18
- Кабыл алынган күнү: 01.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111529/st-21>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-32/edition/1107363/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111529/st-21.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жоруктан жөнүндө кодекси, 21-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111529/st-21

---

1. Адамдын ушул Кодексте каралган, өзү жасап жаткан жосунга (аракетке же аракетсиздикке) жана анын укукка каршы кесепеттерине карата психикалык мамилеси күнөө болуп саналат. Ниеттенүү же абайлабоо күнөөнүн формалары болушу мүмкүн.

2. Инсанга, коомго же мамлекетке зыян келтирүү, ошондой эле аны келтирүүнүн реалдуу коркунучун жаратуу укукка каршы кесепеттер деп таанылат.

3. Эгерде ушул Кодекстин беренесинде (беренесинин бөлүгүндө) абайлабоо (жеңил ойлуулук же этибарсыздык) боюнча жосунду жасоо түздөн-түз көрсөтүлбөсө, жоопкерчилик мындай жосунду атайылап жасоого карата гана келип чыгат.

4. Эгерде ушул Кодекстин беренесинде (беренесинин бөлүгүндө) абайлабоо боюнча зыян келтирүү түздөн-түз көрсөтүлбөсө, жоопкерчилик атайылап зыян келтирүүгө карата гана келип чыгат.

5. Эгерде адам өз жосунунун мүнөзүн жана маанисин аңдай албаса, зыян келтирүү мүмкүндүгүн алдын ала билбесе жана иштин жагдайлары боюнча аны алдын ала билүүгө тийиш болбосо жана (же) билүүсү мүмкүн эмес болсо, бейкүнөө зыян келтирилген (кокустук, казус) деп эсептелет.

---

Мурунку берене: [20-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111529/st-20)  
Кийинки берене: [22-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111529/st-22)
