# 19-берене. Акыл-эси соо эместик

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жоруктан жөнүндө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111529)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 1-февралындагы № 18 "Кыргыз Республикасынын Жоруктан жөнүндө кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 18
- Кабыл алынган күнү: 01.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111529/st-19>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-32/edition/1107363/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111529/st-19.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жоруктан жөнүндө кодекси, 19-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111529/st-19

---

1. Ушул Кодексте каралган аракетти (аракетсиздикти) жасаган убакта акыл-эси соо эмес абалда болгон, башкача айтканда, өнөкөт жин оорусунан, психикасынын убактылуу бузулушунан, кем акылдыгынан же психикасынын башка оорулуу абалынан улам өзүнүн аракетинин (аракетсиздигинин) иш жүзүндөгү мүнөзүн жана коомдук зыянын аңдай албаган же аны башкара албаган адам жорук жасаганы үчүн жоопкерчиликке тартылбайт.

2. Жорукту акыл-эси соо абалында жасаган, бирок сот өкүмү чыгарылганга чейин өзүнүн аракеттерин (аракетсиздигин) аңдап биле албоого же аларды башкара албай калууга алып келген жин оорусу менен ооруп калган адам жорукту жасаганы үчүн жоопкерчиликке тартылбайт.

---

Мурунку берене: [18-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111529/st-18)  
Кийинки берене: [20-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111529/st-20)
