# 187-берене. Учуу эрежелерин бузуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жоруктан жөнүндө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111529)
- Документтеги орду: 34-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 1-февралындагы № 18 "Кыргыз Республикасынын Жоруктан жөнүндө кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 18
- Кабыл алынган күнү: 01.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 10 марта 2021 года № 29 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере уголовного законодательства"](https://aqlex.ai/kg/doc/112186)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 10.03.2021 [Закон Кыргызской Республики от 10 марта 2021 года № 29 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере уголовного законодательства"](https://aqlex.ai/kg/doc/112186); 21.08.2020 [Закон КР от 21 августа 2020 года № 137 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Закон Кыргызской Республики "Об устойчивом развитии эколого-экономической системы "Иссык-Куль", Кодекс Кыргызской Республики о проступках, Уголовный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/112141); 24.07.2020 [Закон КР от 24 июля 2020 года № 88 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере избирательного законодательства"](https://aqlex.ai/kg/doc/112052); 03.04.2020 [Закон КР от 3 апреля 2020 года № 34 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики о проступках, Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях)"](https://aqlex.ai/kg/doc/112024)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111529#diff=1107368..1107369>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111529/st-187>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-32/edition/1107363/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111529/st-187.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жоруктан жөнүндө кодекси, 187-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111529/st-187

---

Учуу же аларга даярдык көрүү эрежелерин, буга тете эле учуучу аппараттарды пайдалануу эрежелерин атайылап же абайлабай бузуу, эгерде бул абайлабагандан ден соолукка анча оор эмес зыян келтирилсе, - I категориядагы камак түрүндөгү жазага алып келет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Ш. Атамбаев

1-тиркеме

Ушул Кодексте колдонулуучу айрым терминдердин МААНИЛЕРИ (КР 2020-жылдын 3-апрелиндеги № 34, 2020-жылдын 24-июлундагы № 88, 2020-жылдын 21-августундагы № 137, 2021-жылдын 10-мартындагы № 29 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

1. Орчундуу зыян - жорук жасоо учуруна карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген эсептик көрсөткүчтөн төмөнкү өлчөмдөрдө ашкан материалдык (мүлктүк) зыян:

1) 110, 112-беренелерде (мамлекетке тапшырылбаган же сатылбаган предметтердин наркы) - бир миң эсе;

2) 118, 133, 140-беренелерде - беш жүз эсе;

3) 143, 145-беренелерде - жүз эсе.

2. Кызмат адамдары - туруктуу, убактылуу же атайын ыйгарым укук боюнча бийлик өкүлүнүн функцияларын ишке ашыруучу, же болбосо мамлекеттик органдарда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, мамлекеттик жана муниципалдык мекемелерде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө жана башка аскердик түзүмдөрүндө уюштуруучу-тескөөчү, администрациялык-чарбалык, контролдук-ревизиялык функцияларды аткаруучу адамдар.

Уюштуруучу-тескөөчү функциялар кызматы боюнча баш ийген жактарды башкаруу боюнча ыйгарым укуктарды ишке ашырууда турат. Администрациялык-чарбалык функциялар мүлктү жана акча каражаттарын башкаруу жана тескөө боюнча ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууда турат. Контролдук-ревизиялык функциялар жеке же юридикалык жактарга текшерүү, ревизия жүргүзүү боюнча ыйгарым укуктарды ишке ашырууда турат.

3. Коммерциялык же башка уюмда башкаруу функцияларын аткаруучу адам - менчигинин формасына карабастан коммерциялык уюмда, ошондой эле мамлекеттик орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы, мамлекеттик же муниципалдык мекеме болбогон коммерциялык эмес уюмда туруктуу, убактылуу же атайын ыйгарым укук боюнча уюштуруучу-тескөөчү, администрациялык-чарбалык функцияларды аткаруучу адамдар.

4. Жашы жете элек - он сегиз жаш куракка чыга элек адам.

5. Жаш бала - он төрт жаш куракка чыга элек бала.

6. Улгайган адам - алтымыш жаш курактан ашкан адам.

7. Жакын туугандар - ата-энеси, балдары, асырап алган балдары, толук (бир ата-энеден), толук эмес (бир ата-энеден эмес) ага-инилери жана эже-карындаштары (сиңдилери), чоң атасы (тай атасы), чоң энеси (тай энеси), неберелери.

8. Расмий документ - төмөнкүдөй белгилерге туура келген документ:

1) кайсы болбосун материалдык камтымаларда тастыкталган, белгилүү бир окуяларды, кубулуштарды же фактыларды ырастаган же күбөлөндүргөн маалыматтарды камтыйт;

2) укук берүүгө, милдеттерден бошотууга же укуктук мүнөздөгү башка натыйжаларды түзүүгө жарамдуу болот;

3) мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин, ошондой эле менчигинин формасына карабастан юридикалык жактардын ыйгарым укуктуу адамдары тарабынан түзүлөт, берилет же ырасталат;

4) мыйзамда аныкталган формаларды сактоо менен түзүлөт жана мыйзамда каралган реквизиттерди камтыйт.

9. Уурдап алуу - менчик ээсине же ошол мүлктүн башка ээсине зыян келтирүү менен бөтөн мүлктү күнөөлүүнүн же башка адамдардын пайдасына мыйзамсыз, акы төлөбөстөн ээлөө.

10. Билип туруп жасоо - аракетти жасоочу адамдын белгилүү бир фактыны, жагдайды ачык, көрүнөө, күмөн туудурбаган факт же жагдай катары аңдап билүүсү.

11. (КР 2021-жылдын 10-мартындагы № 29 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

12. Коомдук кырсык - адам курмандыктарына, адамдардын ден соолугуна же курчап турган чөйрөгө зыян келтирүүгө, олуттуу материалдык жоготууларга жана адамдардын жашоо турмушунун шарттарынын бузулушуна алып келиши мүмкүн болгон же алып келген кооптуу жаратылыштык же техногендик кубулуштун, авариянын, катастрофанын, табигый, биологиялык (эпидемия, эпизоотия, эпифитотия) же башка кырсыктын, жок кылуучу заманбап каражаттардын таасиринин натыйжасында Кыргыз Республикасынын аймагында же анын айрым бөлүктөрүндө түзүлгөн абал.

(КР 2020-жылдын 3-апрелиндеги № 34 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

13. Административдик ресурсту кыянаттык менен пайдалануу - бул талапкерлер, кызмат адамдары, мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардын жетекчилери, жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмаларынын мүчөлөрү жана уюштуруучулары алар мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматчыларды же мамлекеттик, муниципалдык ишканалардын, мекемелердин, мамлекеттик (муниципалдык) катышуу үлүшү 30 пайыздан ашкан ишканалардын жумушчуларын, финансыны жана аны бөлүштүрүүнү контролдоосунун натыйжасында алынган бардык талапкерлердин теңдигин бузган тигил же бул талапкерлерди, саясий партияларды колдоонун саясий же башка формаларына өзгөрүп кетиши мүмкүн болгон адамдык, финансылык, материалдык, медиалык, институционалдык ресурстарды шайлоодо укук ченемсиз пайдалануу.

2-тиркеме

Санкцияларды унификациялап түзүүгө жорук үчүн негизги жазалардын түрлөрүнүн жана өлчөмдөрүнүн туура келүүсүнүн таблицасы (чоңдор үчүн)

Негизги жазалар

Жазанын түрү

Коомдук жумуштар

Эркиндикти чектөө

Белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир ишти жүргүзүү укугунан ажыратуу,

Түзөтүү жумуштары

Айыппул

Аскер кызматчысына карата камак

Жазанын категориясы

I категория: 30дан 40 саатка чейин

I категория: 3төн 6 айга чейин

I категория: 6 айдан бир жылга чейин

I категория: 2ден 4 айга чейин (эмгек акыдан 10дон 20 пайызга чейин чегерүү менен)

I категория: 400дөн 600гө чейинки эсептик көрсөткүч

I категория: үч сутка

Жазанын категориясы

II категория: 40тан 60 саатка чейин

II категория: 6 айдан бир жылга чейин

II категория: бир жылдан 2 жылга чейин

II категория: 4төн 6 айга чейин (эмгек акыдан 10дон 20 пайызга чейин чегерүү менен)

II категория: 600дөн 800гө чейинки эсептик көрсөткүч

II категория: беш сутка

---

Мурунку берене: [186-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111529/st-186)
