# 14-берене. Жоруктар жөнүндө мыйзамдын артка карай колдонулушу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жоруктан жөнүндө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111529)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 1-февралындагы № 18 "Кыргыз Республикасынын Жоруктан жөнүндө кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 18
- Кабыл алынган күнү: 01.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111529/st-14>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-32/edition/1107363/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111529/st-14.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жоруктан жөнүндө кодекси, 14-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111529/st-14

---

1. Жорук үчүн жоопкерчиликти жойгон же жазаны жеңилдеткен, буга тете эле жасалган жоруктун башка укуктук кесепеттерин жакшырткан мыйзам ал мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин жасалган жосундарга жайылтылат.

2. Жорук үчүн жазаны белгилеген же күчөткөн, буга тете эле жасалган жоруктун башка укуктук кесепеттерин катаалданткан мыйзам артка карай колдонулбайт.

3. Жосундун жазыктык-укуктук кесепеттерин жарым-жартылай жеңилдеткен же жарым-жартылай күчөткөн мыйзам ушул кесепеттерди жеңилдеткен бөлүгүндө гана артка карай колдонуу күчүнө ээ болот.

4. Эгерде жорук жасалган убакыттан тартып соттун өкүмү чыккан убакытка чейин мыйзам бир нече жолу өзгөртүлсө, кыйла жеңил мыйзам колдонулат.

5. Жорукка карата тарбиялоо мүнөзүндөгү мажбурлоо чарасы жана (же) жазыктык-укуктук таасир этүүнүн башка чаралары ишти сотто чечүү убагында күчүндө болгон ушул Кодекстин негизинде гана колдонулат.

---

Мурунку берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111529/st-13)  
Кийинки берене: [15-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111529/st-15)
