# 133-берене. Жумуштарды жүргүзүүдө айлана-чөйрөнү коргоо эрежелерин бузуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жоруктан жөнүндө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111529)
- Документтеги орду: 26-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 1-февралындагы № 18 "Кыргыз Республикасынын Жоруктан жөнүндө кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 18
- Кабыл алынган күнү: 01.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 21 августа 2020 года № 137 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Закон Кыргызской Республики "Об устойчивом развитии эколого-экономической системы "Иссык-Куль", Кодекс Кыргызской Республики о проступках, Уголовный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/112141)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111529#diff=1107367..1107368>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111529/st-133>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-32/edition/1107363/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111529/st-133.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жоруктан жөнүндө кодекси, 133-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111529/st-133

---

1. Өнөр жайлык, чарбалык, илимий жана башка объекттерди долбоорлоодо, жайгаштырууда, курууда, ишке киргизүүдө айлана-чөйрөнү коргоо эрежелерин ошол эрежелердин сакталышына жооптуу адамдар тарабынан атайылап же абайлабай бузуу, эгерде бул ден соолукка анча оор эмес зыян келтирсе же болбосо орчундуу залал келтирсе, -

белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир ишти жүргүзүү укугунан ажыратуу менен II категориядагы айып пул түрүндөгү жазага алып келет.

2. Өзгөчө корголуучу жаратылыштык аймактарда же болбосо чукул экологиялык кырдаалдагы аймактарда ишканаларды, рекреация объекттерин, коммуналдык жана башка жарандык жана коммерциялык объекттерди суулардын булгануусун жана ыпластануусун же алардын зыяндуу таасир кылуусун болтурбай турган тазалагыч курулмаларсыз жана түзүлүштөрсүз, ошондой эле балык коргоочу курулмаларсыз жана түзүлүштөрсүз же иштебеген тазалоочу курулмалар менен курууга уруксаттык документтерди, мамлекеттик экологиялык жана мамлекеттик курулуштук экспертизалардын корутундуларын берүү, мамлекеттик кабыл алуу (техникалык) комиссиясы тарабынан кабыл атуу, буга тете эле аларды иштетүү, -

белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир ишти жүргүзүү укугунан ажыратуу менен II категориядагы айып пул түрүндөгү жазага алып келет. (КР 2020-жылдын 21-августундагы № 137 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [132-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111529/st-132)  
Кийинки берене: [134-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111529/st-134)
