# 113-берене. Коммерциялык же бөлөк уюмда ыйгарым укуктарды кыянат пайдалануу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жоруктан жөнүндө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111529)
- Документтеги орду: 21-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 1-февралындагы № 18 "Кыргыз Республикасынын Жоруктан жөнүндө кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 18
- Кабыл алынган күнү: 01.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111529/st-113>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-32/edition/1107363/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111529/st-113.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жоруктан жөнүндө кодекси, 113-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111529/st-113

---

1. Коммерциялык же бөлөк уюмда башкаруу функциясын аткарган адамдын өз ыйгарым укуктарын ушул уюмдун кызыкчылыктарына каршы түрдө жана өзү же башка адамдар үчүн пайда же болбосо артыкчылык алуу же болбосо башка адамдарга, уюмдарга зыян келтирүү максатында пайдалануусу, -

белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир ишти жүргүзүү укугунан ажыратуу менен I категориядагы айып пул түрүндөгү жазага алып келет.

2. Мамлекеттик же муниципалдык ишкананын, мамлекеттик же муниципалдык түзүлмө уставдык капиталындагы акцияларга (үлүштөргө) ээлик кылган чарбалык коомдун кызматчысы жасаган ошол эле жосун, -

белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир ишти жүргүзүү укугунан ажыратуу менен II категориядагы айып пул түрүндөгү жазага алып келет. Эскертүү. Эгерде ушул главанын беренелеринде каралган жосун мамлекеттик же муниципалдык ишкана, акцияларына (уставдык капиталындагы үлүштөргө) мамлекеттик же муниципалдык түзүлмө ээлик кылган чарбалык коом болуп эсептелбеген коммерциялык уюмдун гана кызыкчылыктарына зыян келтирсе, жазыктык куугунтуктоо ошол уюмдун арызы боюнча же анын макулдугу менен жүргүзүлөт.

---

Мурунку берене: [112-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111529/st-112)  
Кийинки берене: [114-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111529/st-114)
