# 11-берене. Кыргыз Республикасынын аймагында жорук жасаган адамдарга карата жоруктар жөнүндө мыйзамдын колдонулушу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жоруктан жөнүндө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111529)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 1-февралындагы № 18 "Кыргыз Республикасынын Жоруктан жөнүндө кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 18
- Кабыл алынган күнү: 01.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111529/st-11>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-32/edition/1107363/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111529/st-11.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жоруктан жөнүндө кодекси, 11-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111529/st-11

---

1. Кыргыз Республикасынын аймагында жорук жасаган адам ушул Кодекске ылайык жоопкерчиликке тартылууга тийиш.

2. Кыргыз Республикасынын аймагында жасалган жорук деп төмөнкү жосундар таанылат:

1) Кыргыз Республикасынын аймагында башталган, аяктаган же бөгөт коюлган;

2) Кыргыз Республикасынын аймагында жасалган, ал эми кесепеттери анын чегинен тышкары жерде болгон;

3) башка жосундар менен жыйынды түрдө же алар менен бир катарда бир бөлүгү Кыргыз Республикасынын аймагында жасалган жорукту түзгөн.

3. Колдонуудагы мыйзамдарга жана эл аралык келишимдерге ылайык Кыргыз Республикасынын сотторунун караштуулугуна кирбеген чет мамлекеттердин дипломаттык өкүлдөрүнүн жана башка жарандарынын жоопкерчилиги жөнүндө маселе, бул адамдар Кыргыз Республикасынын аймагында жорук жасаган учурда, эл аралык укуктун ченемдеринин негизинде чечилет.

---

Мурунку берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111529/st-10)  
Кийинки берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111529/st-12)
