# 109-берене. Спортсмендерди паралап сатып алуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жоруктан жөнүндө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111529)
- Документтеги орду: 19-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 1-февралындагы № 18 "Кыргыз Республикасынын Жоруктан жөнүндө кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 18
- Кабыл алынган күнү: 01.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111529/st-109>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-32/edition/1107363/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111529/st-109.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жоруктан жөнүндө кодекси, 109-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111529/st-109

---

1. Мелдештин же конкурстун натыйжасына таасир кылуу максатында спортсменди, спорттук калысты, машыктыруучуну, команданын жетекчисин же башка катышуучусун же болбосо кесиптик спорттук мелдештин уюштуруучусун, буга тете эле оюн-зоок коммерциялык конкурстун уюштуруучусун же жюри мүчөсүн паралап сатып алуу, -

I категориядагы айып пул түрүндөгү жазага алып келет.

2. Спорттук калыстын, машыктыруучунун, команданын жетекчисинин же спорттук мелдешти уюштуруучунун, буга тете эле оюн-зоок коммерциялык конкурсту уюштуруучунун же андагы жюри мүчөсүнүн мелдештин же конкурстун натыйжаларына таасир кылуу үчүн акчаны, материалдык баалуулуктарды же материалдык мүнөздөгү кызмат көрсөтүүлөрдү мыйзамсыз алуусу, -

белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир ишти жүргүзүү укугунан ажыратуу менен II категориядагы айып пул түрүндөгү жазага алып келет.

---

Мурунку берене: [108-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111529/st-108)  
Кийинки берене: [110-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111529/st-110)
