# 1021-берене. Экономикалык контрабанда

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жоруктан жөнүндө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111529)
- Документтеги орду: 19-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 1-февралындагы № 18 "Кыргыз Республикасынын Жоруктан жөнүндө кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 18
- Кабыл алынган күнү: 01.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 10 марта 2021 года № 29 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере уголовного законодательства"](https://aqlex.ai/kg/doc/112186)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111529#diff=1107368..1107369>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111529/st-1021>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-32/edition/1107363/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111529/st-1021.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жоруктан жөнүндө кодекси, 1021-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111529/st-1021

---

Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасы аркылуу бажы контролун кыйгап өтүп же андан жашыруу менен, же болбосо документтерди же бажы идентификациясынын каражаттарын алдамчылык пайдалануу менен жасалган, же болбосо декларациялабоо же туура эмес декларациялоо менен коштолгон олуттуу өлчөмдөгү товарларды же транспорт каражаттарын өткөрүү, - белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир ишти жүргүзүү укугунан ажыратуу менен II категориядагы айып пул түрүндөгү жазага алып келет. Эскертүү. Ушул беренеде каралган жосундар, эгерде өткөрүлгөн товарлардын наркы жорук жасалган учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген эсептик көрсөткүчтөрдүн беш миңден элүү миңге чейинкисин түзсө, олуттуу өлчөмдө жасалган жосундар деп таанылат. Эгерде адам контрабанданын предмети болуп саналган товарларды жана башка буюмдарды бажы жаатында жол-жоболоштуруу менен тиешелүү бажы төлөмдөрүн, анын ичинде айып пулдарды жана туумдарды өз ыктыяры менен төлөсө, ал ушул беренеде каралган жосун үчүн жазык процессинин кайсы гана стадиясында болбосун жазык жоопкерчилигинен бошотулат. (КР 2021-жылдын 10-мартындагы № 29 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [102-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111529/st-102)  
Кийинки берене: [1022-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111529/st-1022)
