# 1-берене. Жоруктар жөнүндө мыйзамдар жана алардын максаттары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жоруктан жөнүндө кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111529)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 1-февралындагы № 18 "Кыргыз Республикасынын Жоруктан жөнүндө кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 18
- Кабыл алынган күнү: 01.02.2017
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111529/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-32/edition/1107363/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111529/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жоруктан жөнүндө кодекси, 1-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111529/st-1

---

1. Жазыктык жоруктар (мындан ары - жоруктар) жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары Кыргыз Республикасынын Конституциясына негизделген ушул Кодекстен, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерден (мындан ары - эл аралык келишимдер), ошондой эле эл аралык укуктун жалпыга таанылган принциптеринен жана ченемдеринен турат.

2. Жорук жасаганы үчүн жоопкерчилик каралган башка мыйзам актылары аларды ушул Кодекске киргизгенден кийин колдонулууга жатат.

3. Инсандын укуктарын жана эркиндиктерин, коомду жана мамлекетти ушул Кодексте каралган укукка каршы жосундардан коргоо, аталган жосундардын алдын алуу, ошондой эле алар жасалганда бузулган адилеттүүлүктү калыбына келтирүү ушул Кодекстин максаты болуп саналат.

4. Эгерде шектелгендиги тууралуу кабарлама чыгарыла турган адам аныкталбаган болсо, ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн мөөнөттөр өткөндөн кийин жоруктар жөнүндө иш кыскартылат.

(КР 2021-жылдын 10-мартындагы № 29 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111529/st-2)
