# 98-берене. Эркиндигинен ажыратууга соттолгондорду милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсия менен камсыз кылуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111528)
- Документтеги орду: 15-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 31-январындагы № 17 "Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 17
- Кабыл алынган күнү: 31.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.06.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111528#diff=1285935..1285936>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-98>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-31/edition/1285933/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111528/st-98.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси, 98-берене (11.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-98

---

1. Эркиндигинен ажыратууга соттолгондор, иштеген адамдар милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандырылууга жатат, ал эми соттолгон аялдар ошондой эле мыйзамдарда белгиленген тартипте кош бойлуулугуна жана төрөгөнүнө байланыштуу жөлөк пул менен камсыз кылынат. Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөк пулдар соттолгон аялдарга Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте, алар эмгек милдеттерин аткарганына жана башка жагдайларга карабастан төлөнүп берилет.

2. Эркиндигинен ажыратууга соттолгондор курагы, майыптыгы, багуучусунан ажыраган учурлар боюнча жалпы негиздерде мамлекеттик пенсия менен камсыз кылынууга жана мыйзамдарда каралган башка учурларда, анын ичинде жазасын өтөп жаткан убакта эмгекке жөндөмдүүлүгү жоголгон учурларда социалдык жөлөк пулга укугу бар.

3. Соттолгондорго пенсияларды төлөө түзөтүү мекемеси турган жер боюнча, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун органдары тарабынан соттолгондордун жеке эсебине пенсияларды которуу жолу менен жүзөгө ашырылат.

4. Эркиндигинен ажыратууну өтөө мезгилинде эмгекке жөндөмдүүлүгүн жоготкон соттолгондор эмгек мыйзамдарында каралган учурларда жана тартипте залалдын ордун толтуртууга укугу бар.

5. Соттолгондордун пенсияларынан кармап калуулар жүргүзүлөт. Пенсиялардан кармап калуулардын негиздери, түрлөрү жана тартиби, ошондой эле бардык кармап калууларга карабастан соттолгондун жеке эсебине которулуучу пенсиялардын эң аз пайызы ушул Кодекстин 107-беренеси менен белгиленет.

(КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [97-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-97)  
Кийинки берене: [99-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-99)
