# 95-берене. Эркиндигинен ажыратууга соттолгондордун теле берүүлөрдү, видеолорду көрүүсү, радио берүүлөрдү угуусу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111528)
- Документтеги орду: 15-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 31-январындагы № 17 "Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 17
- Кабыл алынган күнү: 31.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.06.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-95>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-31/edition/1285933/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111528/st-95.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси, 95-берене (11.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-95

---

1. Айыптык изоляторлорго, камералык типтеги жайларга, жеке камераларга, убактылуу бөлөк кармоо жайларына которулгандардан тышкары, соттолгондорго түнкү эс алуу үчүн күн тартибинде бөлүнгөн убакыттан тышкары, жумуштан жана иш-чаралардын күн тартиби боюнча башка милдеттүү убакыттан бош сааттарда телеберүүлөрдү жана видеолорду көрүүгө уруксат берилет.

2. Соттолгондор жана соттолгондордун тобу өз каражаттарынын эсебинен соода тармагы аркылуу теле, - видео-, радио-, аудио аппаратураларын сатып же болбосо аларды жубайынан, туугандарынан жана башка адамдардан ала алышат.

3. Соттолгондорго түнкү эс алуу үчүн күн тартибинде бөлүнгөн убакыттан тышкары жумуштан бош сааттарда радио берүүлөрдү угууга уруксат берилет.

4. Соттолгондорго согушту, терроризмди жана экстремизмди, улуттар аралык жана диний касташууну тутандырууну, зомбулукту же катаалдыкты пропагандалаган видео-, аудио продукцияларды, ошондой эле порнографиялык мүнөздөгү продукцияларды көрүүгө жана угууга тыюу салынат.

---

Мурунку берене: [94-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-94)  
Кийинки берене: [96-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-96)
