# 94-берене. Соттолгондордун адабияттарды жана жазуу каражаттарын сатып алуусу жана сактоосу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111528)
- Документтеги орду: 15-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 31-январындагы № 17 "Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 17
- Кабыл алынган күнү: 31.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.06.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-94>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-31/edition/1285933/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111528/st-94.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси, 94-берене (11.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-94

---

1. Соттолгондорго бандеролдордо, аманат жиберүүлөрдө жана берип жиберүүлөрдө жазуу куралдарын алууга, соода тармагы аркылуу адабияттарды сатып алууга, ошондой эле өздөрүнүн жеке эсептериндеги каражаттарынын эсебинен газеталарга жана журналдарга жазылууга чектөөсүз уруксат берилет.

2. Соттолгондорго согушту, терроризмди жана экстремизмди, улуттар аралык жана диний касташууну тутандырууну, криминалдык идеологияны, зомбулукту же катаалдыкты пропагандалаган басылмаларды, анын ичинде электрондук алып жүрүүчүлөрдү, ошондой эле порнографиялык мүнөздөгү басылмаларды алууга, сатып алууга, жазылууга, сактоого жана жайылтууга тыюу салынат.

3. Соода тармагы аркылуу сатып алынган адабий китептери бар бандеролдор соттолгон алууга укуктуу аманат жиберүүлөрдүн жана бандеролдордун санына киргизилбейт.

---

Мурунку берене: [93-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-93)  
Кийинки берене: [95-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-95)
