# 93-берене. Соттолгондордун сейилдөөсү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111528)
- Документтеги орду: 15-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 31-январындагы № 17 "Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 17
- Кабыл алынган күнү: 31.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.06.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-93>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-31/edition/1285933/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111528/st-93.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси, 93-берене (11.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-93

---

1. Эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазаны өтөп жаткан жана жеке камераларда, камераларда, камералык типтеги жайларда, айыптык жана убактылуу бөлөк кармоо жайларында кармалган соттолгондор сейилдөөгө укуктуу, анын узактыгы ушул Кодекстин 121, 125, 127, 129, 130, 132-беренелеринде белгиленет.

2. Соттолгондордун сейилдөөсү камералар боюнча күндүзгү убакытта түзөтүү мекемесинин аймагынын атайын жабдылган бөлүгүндө жүргүзүлөт. Соттолгондор белгиленген эрежелерди бузган учурда сейилдөө мөөнөтүнөн мурда токтотулат.

---

Мурунку берене: [92-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-92)  
Кийинки берене: [94-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-94)
