# 92-берене. Соттолгондордун телефондук сүйлөшүүлөрү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111528)
- Документтеги орду: 15-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 31-январындагы № 17 "Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 17
- Кабыл алынган күнү: 31.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.06.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-92>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-31/edition/1285933/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111528/st-92.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси, 92-берене (11.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-92

---

1. Соттолгондорго ушул Кодекстин 125, 127, 129, 130, 131, 132-беренелеринде аныкталган санда, ар бири узактыгы он беш мүнөткө чейинки телефондук сүйлөшүүлөргө укук берилет. Телефондук сүйлөшүүлөргө соттолгондордун жеке эсептеринде болгон каражаттардан же жубайынын, жакын туугандарынын каражаттарынан акы төлөнөт.

2. Соттолгондордун телефондук сүйлөшүү укугун ишке ашыруу үчүн түзөтүү мекемесинин администрациясы колдо бар телекоммуникациялардын каражаттарын пайдаланат. Техникалык мүмкүнчүлүктөр болбогондо, телефондук сүйлөшүү кыска мөөнөттүү жолугушуу менен алмаштырылышы мүмкүн.

3. Соттолгондорго телефондук сүйлөшүүгө төмөнкү учурларда кошумча уруксат берилиши мүмкүн:

1) түзөтүү мекемесине келгенде;

2) жеке, үй-бүлөлүк, маанилүү окуяларда жана жагдайларда;

3) бошотулгандан кийин турмуш-тиричилик жана эмгекке орношуу маселелерин чечүүдө.

4. Түзөтүү мекемелеринде кармалып жаткан соттолгондордун ортосунда телефондук сүйлөшүүлөргө тыюу салынат.

5. Соттолгондордун телефондук сүйлөшүүлөрү түзөтүү мекемесинин администрациясы тарабынан контролдонот.

---

Мурунку берене: [91-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-91)  
Кийинки берене: [93-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-93)
