# 90-берене. Соттолгондордун аманат жиберүүлөрдү, берип жиберүүлөрдү жана бандеролдорду алуусу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111528)
- Документтеги орду: 15-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 31-январындагы № 17 "Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 17
- Кабыл алынган күнү: 31.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.06.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 10 марта 2021 года № 29 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере уголовного законодательства"](https://aqlex.ai/kg/doc/112186)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111528#diff=1285934..1285935>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-90>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-31/edition/1285933/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111528/st-90.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси, 90-берене (11.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-90

---

1. Түзөтүү жана тарбиялоо абактарында эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жаза өтөп жаткан соттолгондорго аманат жиберүүлөрдү, берип жиберүүлөрдү жана бандеролдорду чектөөсүз алууга уруксат берилет.

Түзөтүү абактарында эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жаза өтөп жаткан, тартиптик жазасы бар соттолгондордун аманат жиберүүлөрдү, берип жиберүүлөрдү жана бандеролдорду алуусу Түзөтүү мекемелеринин ички тартип эрежелеринде аныкталган тартипте чектелет.

2. Бир аманат жиберүүнүн же бандеролдун максималдуу салмагы почта эрежелеринде, бир жолу берип жиберүүнүн максималдуу салмагы - Түзөтүү мекемелеринин ички тартип эрежелеринде аныкталат.

3. (КР 2021-жылдын 10-мартындагы № 29 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

4. Соттолгондор тарабынан медициналык корутундуга ылайык алынуучу дары-дармек каражаттары жана медициналык багыттагы буюмдар ушул берененин 1-бөлүгүндө аныкталуучу аманат жиберүүлөрдүн жана берип жиберүүлөрдүн жана бандеролдун санына кирбейт. Алар көрсөтүлгөн соттолгондорду дарылоо үчүн түзөтүү мекемесинин медициналык бөлүгүнө жиберилет.

5. Аманат жиберүүлөр, берип жиберүүлөр жана бандеролдор карап чыгууга дуушар болот.

6. Соттолгондордун аманат жиберүүлөрдү, берип жиберүүлөрдү, бандеролдорду алуусунун жана аларды карап чыгуунун тартиби Түзөтүү мекемелеринин ички тартип эрежелеринде аныкталат.

7. Администрациянын уруксаты менен соттолгондор аманат жиберүүлөрдү жана бандеролдорду жибере алышат.

8. Аманат жиберүүлөрдө, берип жиберүүлөрдө, бандеролдордо соттолгондордун алуусуна тыюу салынган тамак-аш азыктарынын, күндөлүк керектелүүчү буюмдардын тизмеги Түзөтүү мекемелеринин ички тартип эрежелеринде белгиленет.

(КР 2021-жылдын 10-мартындагы № 29 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [89-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-89)  
Кийинки берене: [91-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-91)
