# 88-берене. Соттолгондордун тамак-аш азыктарын жана күндөлүк керектелүүчү предметтерди сатып алуусу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111528)
- Документтеги орду: 15-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 31-январындагы № 17 "Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 17
- Кабыл алынган күнү: 31.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.06.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111528#diff=1285935..1285936>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-88>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-31/edition/1285933/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111528/st-88.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси, 88-берене (11.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-88

---

1. Эркиндигинен ажыратууга соттолгондор жаза өтөө мезгилинде иштеп тапкан акча каражаттарынын, алар алуучу пенсиялардын жана социалдык жөлөк пулдардын эсебинен, ал эми соттолгон балдар - өздөрүнүн жеке эсеп-кысаптарындагы акча каражаттарын накталай эмес эсептешүү боюнча тамак-аш азыктарын жана күндөлүк керектелүүчү предметтерди чектөөсүз сатып ала алат.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөндөрдөн тышкары чыгымдоого уруксат берилген акчанын жалпы суммасы ушул берененин 4-бөлүгүндө көрсөтүлгөн адамдарды кошпогондо, ушул Кодекстин 125, 127, 129, 130, 132-беренелеринде белгиленет.

3. Акчанын уруксат берилген суммасы учурдагы айда чыгымдалбай калган учурда, соттолгондор чыгымдалбай калган суммага кийинки айларда тамак-аш азыктарын жана күндөлүк керектелүүчү предметтерди сатып апа алат.

4. Соттолгон кош бойлуу аялдар, соттолгон балдары бар аялдар, I же II топтогу майыптар, ошондой эле дарылоо түзөтүү мекемелеринде болгон соттолгондор өздөрүнүн жеке эсеп-кысаптарындагы каражаттарына тамак-аш азыктарын жана күндөлүк керектелүүчү предметтерди чектөөсүз сатып апа алат.

5. Соттолгондор тарабынан сатып алууга тыюу салынган буюмдардын жана тамак-аш азыктарынын тизмеги Түзөтүү мекемелеринин ички тартип эрежелеринде белгиленет.

(КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [87-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-87)  
Кийинки берене: [89-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-89)
