# 87-берене. Соттолгондордун жаза өтөө шарттары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111528)
- Документтеги орду: 15-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 31-январындагы № 17 "Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 17
- Кабыл алынган күнү: 31.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.06.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 31 июля 2025 года № 181 "О внесении изменений в Уголовно-исполнительный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230030075)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111528#diff=25021..35618>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-87>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-31/edition/1285933/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111528/st-87.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси, 87-берене (11.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-87

---

1. Соттолгондор бир түзөтүү абагынын чектеринде ушул абактын режиминин түрү менен каралган жаза өтөөнүн кадимки, катуу жана жеңилдетилген шарттарында болушу мүмкүн.

2. Бир түрмөнүн чегинде жаза өтөөнүн бирдиктүү шарттары белгиленет.

3. Соттолгондор бир тарбия абагынын чектеринде ушул абактын режиминин түрү менен каралган жаза өтөөнүн кадимки жана жеңилдетилген шарттарында болушу мүмкүн.

4. Соттолгондорду ушул Кодекстин 124, 126, 129, 130, 132-беренелеринде көрсөтүлгөн негиздер боюнча бир шарттан башкасына которуу түзөтүү мекемесинин комиссиясынын чечими боюнча жүргүзүлөт.

5. Бир түзөтүү мекемесинен ушундай эле түрдөгү башка түзөтүү мекемесине которулган соттолгондор аларга которууга чейин аныкталган ошол эле шарттарда жазасын өтөшөт.

6. Түзөтүү абагында жаза өтөөнүн катуу шартына, тарбия абагында жаза өтөөнүн кадимки шарттарына которуу менен макул болбогон учурда, соттолгон түзөтүү мекемесинин комиссиясынын чечимине жаза аткаруу системасынын жогору турган органына даттанууга укуктуу.

(КР 2025-жылдын 31-июлундагы № 181 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [86-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-86)  
Кийинки берене: [88-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-88)
