# 86-берене. Коопсуздук чаралары жана аларды колдонуунун негиздери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111528)
- Документтеги орду: 14-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 31-январындагы № 17 "Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 17
- Кабыл алынган күнү: 31.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.06.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 31 июля 2025 года № 181 "О внесении изменений в Уголовно-исполнительный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230030075)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111528#diff=25021..35618>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-86>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-31/edition/1285933/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111528/st-86.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси, 86-берене (11.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-86

---

1. Соттолгондор тарабынан түзөтүү мекемелеринин администрациясынын мыйзамдуу талаптарына каршылык, кыянаттык менен баш ийбөө көрсөтүлгөндө, алар массалык башаламандыктарга, адамдарды барымтага алууга катышканда, жарандарга кол салганда жана башка коомдук коркунучтуу аракеттерди жасаганда, түзөтүү мекемелеринен качканда же аларды кармоодо көрсөтүлгөн укукка каршы аракеттерге бөгөт коюу, айланасындагыларга же өздөрүнө зыян келтирүүнүн алдын алуу максатында түзөтүү мекемесинин администрациясы жана мекемелерди кайтарууну камсыз кылуучу бөлүмдөр тарабынан кара күч, атайын каражаттар жана курал колдонулат.

2. Коопсуздук чараларын колдонуунун тартиби мыйзамдарда аныкталат.

(КР 2025-жылдын 31-июлундагы № 181 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [85-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-85)  
Кийинки берене: [87-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-87)
