# 84-берене. Түзөтүү мекемелериндеги ыкчам-издөө иши

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111528)
- Документтеги орду: 14-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 31-январындагы № 17 "Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 17
- Кабыл алынган күнү: 31.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.06.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-84>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-31/edition/1285933/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111528/st-84.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси, 84-берене (11.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-84

---

1. Түзөтүү мекемелеринде ыкчам-издөө иши жүзөгө ашырылат, анын милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:

1) жазаларды аткаруунун тартибин жана шарттарын, соттолгондордун, түзөтүү мекемелеринин кызматкерлеринин жана башка адамдардын коопсуздугун камсыз кылуу;

2) түзөтүү мекемелерде даярдалып жаткан кылмыштардын жана жасалуучу укук бузуулардын жана жаза өтөөнүн белгиленген тартибин бузуулардын алдын алуу, табуу жана бетин ачуу;

3) укук коргоо органдарына түзөтүү мекемелеринен качып кеткен жана эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жаза өтөөдөн качкан адамдарды издөөдө көмөктөшүү;

4) укук коргоо органдарына кылмыштарды табууда жана бетин ачууда көмөктөшүү.

2. Түзөтүү мекемелеринде ыкчам-издөө иши мыйзамдарга ылайык жүзөгө ашырылат.

---

Мурунку берене: [83-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-83)  
Кийинки берене: [85-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-85)
