# 82-берене. Карап чыгууларды жана тинтүүлөрдү жүргүзүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111528)
- Документтеги орду: 14-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 31-январындагы № 17 "Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 17
- Кабыл алынган күнү: 31.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.06.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 31 июля 2025 года № 181 "О внесении изменений в Уголовно-исполнительный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230030075)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111528#diff=25021..35618>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-82>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-31/edition/1285933/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111528/st-82.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси, 82-берене (11.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-82

---

1. Соттолгондор, алардын буюмдары, ошондой эле алар жашаган жайлар жекече карап чыгууга жана тинтүүгө дуушар болот. Жекече карап чыгуу соттолгондор менен бир жыныстагы адамдар тарабынан жүргүзүлөт. Соттолгондор турак жайларда болгондо аларды карап чыгууга кийинкиге калтырууга болбой турган учурларда жол берилет.

2. Түзөтүү мекемесинин администрациясы жана мекемелерди кайтарууну камсыз кылуучу бөлүмдөр мекемеге келген адамдарды, алардын буюмдарын, түзөтүү мекемесинин аймагында жана режимдик талаптар белгиленген ага чектеш аймактардагы транспорт каражаттарын карап чыгууну жүргүзүүгө, тизмеги Түзөтүү мекемелеринин ички тартип эрежелеринде белгиленген тыюу салынган буюмдарды, предметтерди, документтерди, тамак-аш азыктарын алып коюуга укуктуу.

3. Карап чыгууларды жана тинтүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби Түзөтүү мекемелеринин ички тартип эрежелеринде аныкталат.

4. Соттолгондордон табылган мыйзамсыз сакталып турган акчалар, баалуу кагаздар жана башка баалуулуктар алып коюлат жана түзөтүү мекемесинин администрациясы тарабынан, Түзөтүү мекемелеринин ички тартип эрежелеринде каралган тартипте, соттолгондорду күтүүнүн шарттарын жакшыртууга пайдаланылат.

(КР 2025-жылдын 31-июлундагы № 181 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [81-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-81)  
Кийинки берене: [83-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-83)
