# 8-берене. Мыйзамдуулук принциби

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111528)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 31-январындагы № 17 "Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 17
- Кабыл алынган күнү: 31.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.06.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-8>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-31/edition/1285933/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111528/st-8.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси, 8-берене (11.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-8

---

1. Жазаны жана кылмыш-жаза укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын аткаруучу органдардын жана мекемелердин иши мыйзамдарды сактоого негизденет. Жазаны жана кылмыш-жаза укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын аткаруучу органдардын жана мекемелердин администрациясы мыйзамдуулукту камсыз кылуу үчүн мыйзамдарга ылайык жоопкерчилик тартат.

2. Соттолгондор жазаны жана кылмыш-жаза укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын аткаруу жана өтөө тартибин жана шарттарын аныктоочу мыйзамдардын талаптарын сактоого милдеттүү.

3. Соттолгондорго алардын мыйзамдарда каралган укуктары жана милдеттери толук көлөмдө түшүндүрүлүүгө, аларга жазаларды жана кылмыш-жаза укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын аткаруу жана өтөө тартибин жана шарттарын жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларга жеткиликтүүлүгү камсыз кылынууга тийиш.

---

Мурунку берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-7)  
Кийинки берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-9)
