# 78-берене. Соттолгондорду түзөтүү мекемелерине кабыл алуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111528)
- Документтеги орду: 13-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 31-январындагы № 17 "Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 17
- Кабыл алынган күнү: 31.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.06.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111528#diff=1285935..1285936>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-78>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-31/edition/1285933/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111528/st-78.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси, 78-берене (11.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-78

---

1. Соттолгондорду түзөтүү мекемелерине кабыл алуу Түзөтүү мекемелеринин ички тартип эрежелеринде белгиленген тартипте администрация тарабынан жүргүзүлөт. Мында төмөнкүлөр белгиленет:

1) соттолгондун инсандыгы жөнүндө маалыматтар жана аны мекемеге жиберүүнүн негиздери;

2) мекеме тарабынан жооптуу сактоого кабыл алынган, соттолгонго таандык мүлктүн тизмеси;

3) соттолгондун дене бой же психикалык жактан абалына тиешеси бар кандай болбосун дене жаракаттары жана анын ден соолугу жөнүндө маалыматтар;

4) соттолгондун даттануулары.

2. Түзөтүү мекемесине келген соттолгондор бештен он суткага чейинки мөөнөткө төмөнкү максатта карантин бөлүмүнө жайгаштырылат:

1) жазаны өтөөнүн тартибин жана шарттарын аныктоо үчүн мааниге ээ болгон соттолгондун инсандыгы жөнүндө маалыматты мекеменин администрациясы тарабынан текшерүү;

2) соттолгондорду жаза өтөөнүн тартиби жана шарттары менен тааныштыруу;

3) соттолгондордун арасында жугуштуу ооруларды аныктоо жана алардын жайылышынын алдын алуу.

3. Түзөтүү мекемесинин администрациясы соттолгон келгенден кийин өкүм чыгарган сотко кылмыш-жаза процессуалдык мыйзамдарында каралган тартипте аны аткарууга келтирилгени жөнүндө кабарлайт.

(КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [77-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-77)  
Кийинки берене: [79-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-79)
