# 77-берене. Эркиндигинен ажыратууга соттолгондорду тергөө иш-аракеттерине жана соттук териштирүүлөргө катышууга тартуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111528)
- Документтеги орду: 13-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 31-январындагы № 17 "Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 17
- Кабыл алынган күнү: 31.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.06.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111528#diff=1285935..1285936>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-77>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-31/edition/1285933/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111528/st-77.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси, 77-берене (11.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-77

---

1. Тергөө иш-аракеттерине күбө, жабырлануучу, шектелүүчү же айыпталуучу катары катышуу зарылдыгы болгондо, эркиндигинен ажыратууга соттолгондор прокурордун макулдугу менен, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинде (мындан ары - Кылмыш-жаза процессуалдык кодекс) каралган мөөнөткө тергөөчүнүн жүйөлөнгөн токтомунун негизинде тергөө изоляторунда калтырылышы же болбосо тергөө изоляторуна которулушу мүмкүн.

2. Соттук териштирүүгө күбө, жабырлануучу, шектелүүчү же айыпталуучу катары катышуу зарылдыгы болгондо, эркиндигинен ажыратууга соттолгондор соттун токтому менен тергөө изоляторунда калтырылышы же болбосо ишти сотто кароо мезгилинде түзөтүү мекемесинен тергөө изоляторуна которулушу мүмкүн.

3. Эркиндигинен ажыратууга соттолгонду башка иш боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартууда, ага карата камакта кармоо түрүндө бөгөт коюу чарасы тандалса, аны тергөө изоляторунда кармоонун мөөнөтү Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине ылайык аныкталат.

4. Ушул берененин 1, 2 жана 3-бөлүктөрүндө каралган учурларда, соттолгондор Тергөө изоляторлорунун ички тартип эрежелеринде белгиленген тартипте жана алардын түзөтүү мекемесинде жаза өтөөнүн шартында тергөө изоляторунда кармалат.

5. Соттолгондун, тергөө изоляторунда калтырылгандын же которулгандын жана күбө же болбосо жабырлануучу катары тартылгандын, узакка созулган жолугушуу укугу кыска мөөнөттүү жолугушуу же телефон менен сүйлөшүү укугу менен алмаштырылат.

(КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [76-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-76)  
Кийинки берене: [78-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-78)
