# 76-берене. Чарбалык тейлөө боюнча жумуштарды аткаруу үчүн тергөө изоляторунда калтыруу, соттолгондорду түрмөгө же өзгөчө режимдеги түзөтүү абагына жиберүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111528)
- Документтеги орду: 13-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 31-январындагы № 17 "Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 17
- Кабыл алынган күнү: 31.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.06.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 11 июня 2026 года № 87 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Уголовно-исполнительный кодекс Кыргызской Республики, Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/230047136)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 11.06.2026 [Закон КР от 11 июня 2026 года № 87 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Уголовно-исполнительный кодекс Кыргызской Республики, Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"](https://aqlex.ai/kg/doc/230047136); 28.10.2021 [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111528#diff=41969..54667>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-76>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-31/edition/1285933/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111528/st-76.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси, 76-берене (11.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-76

---

1. Белгилүү бир мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга биринчи жолу соттолгон, жазасын өтөө үчүн жалпы режимдеги түзөтүү абагына жөнөтүлүүгө жаткан адамдар алардын макулдугу менен, чарбалык тейлөө боюнча жумуштарды аткаруу үчүн тергөө изоляторунда калтырылышы мүмкүн.

2. Эркиндигинен ажыратууга биринчи жолу соттолгон, жазаны өтөө үчүн жалпы режимдеги түзөтүү абагына жиберилүүгө жаткан адамдар алардын макулдугу менен, чарбалык тейлөө жумуштарын аткаруу үчүн түрмөгө же өзгөчө режимдеги түзөтүү абагына жиберилиши мүмкүн.

3. Соттолгондорду чарбалык тейлөө боюнча жумуштарды аткаруу үчүн тергөө изоляторунда калтыруу тергөө изоляторунун начальнигинин токтому менен жүргүзүлөт.

4. Соттолгондорду чарбалык тейлөө боюнча жумуштарды аткаруу үчүн түрмөгө же өзгөчө режимдеги түзөтүү абагына жиберүү жаза аткаруу системасынын мамлекеттик органынын атайын комиссиясынын чечиминин негизинде жүргүзүлөт.

5. Чарбалык тейлөө боюнча жумуштарды аткаруу үчүн тергөө изоляторунда калтырылууга, түрмөгө же өзгөчө режимдеги түзөтүү абагына жиберилүүгө төмөнкү соттолгондор жатпайт:

1) террорчулук мүнөзүндөгү жана экстремисттик багыттагы кылмыштар үчүн;

2) уюшкан топтун же кылмыштуу коомдоштуктун курамында кылмыштарды жасагандыгы үчүн;

21) кылмыштардын коркунучтуу же өзгөчө коркунучтуу рецидивинде кылмыш жасагандыгы үчүн;

3) балдарга карата оор жана өзгөчө оор кылмыштарды жасаганы үчүн;

4) медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларынан, мажбурлап дарылоонун курсунан өтпөгөндөр, ошондой эле жабык типтеги медициналык мекемелерде атайын дарылоону талап кылуучулар.

6. Чарбалык тейлөө боюнча жумуштарды аткаруу үчүн тергөө изоляторунда калтырылган, түрмөгө же өзгөчө режимдеги түзөтүү абагына жиберилген соттолгондор жалпы режимдеги түзөтүү абактары үчүн ушул Кодексте каралган шарттарда башка адамдардан бөлөк кармалат.

(Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126, 2026-жылдын 11-июнундагы № 87 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [75-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-75)  
Кийинки берене: [77-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-77)
