# 74-берене. Эркиндигинен ажыратууга соттолгондорду жазасын өтөө үчүн жиберүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111528)
- Документтеги орду: 13-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 31-январындагы № 17 "Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 17
- Кабыл алынган күнү: 31.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.06.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111528#diff=1285935..1285936>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-74>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-31/edition/1285933/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111528/st-74.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси, 74-берене (11.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-74

---

1. Эркиндигинен ажыратууга соттолгон адамдар тергөө изоляторунун же түзөтүү мекемесинин администрациясы өкүмдүн мыйзамдуу күчүнө киргени тууралуу соттун тескемесин алган күндөн тартып он күндүк мөөнөттөн кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын жаза аткаруу системасынын мамлекеттик органынын атайын комиссиясынын түзөтүү мекемесинин жерин аныктоо жөнүндө чечиминин негизинде жазасын өтөө үчүн түзөтүү мекемелерине жиберилет.

Соттолгон көрсөтүлгөн мөөнөттүн ичинде төмөнкүлөргө укуктуу: алардын санын, узактыгын чектебестен жана купуялуулукту камсыз кылуу шартында адвокат менен жолугушууга; жубайы же жакын туугандары менен кыска мөөнөттүү жолугушууга; он беш мүнөткө чейинки узактыкта телефон менен сүйлөшүүгө, ал анын өздүк каражатынан же болбосо башка адамдардын каражатынан төлөнөт; чет өлкөлүк жарандар - Кыргыз Республикасында аккредитацияланган өз мамлекеттеринин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана консулдук мекемелеринин кызматкерлери менен, ал эми Кыргыз Республикасында аккредитацияланган дипломатиялык жана консулдук мекемелери жок өлкөлөрдүн жарандары (букаралар), - алардын кызыкчылыктарын коргоону өзүнө алган мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлери же аларды коргоону жүзөгө ашыруучу эл аралык органдардын кызматкерлери менен жолугушууга.

2. Соттолгондорду түзөтүү мекемелерине жиберүүнүн тартиби Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.

3. Тергөө изоляторунун же түзөтүү мекемесинин администрациясы үч жумушчу күндүн ичинде анын жазаны андан ары өтөө орду жөнүндө жубайына же туугандарынын бирине же башка адамга (соттолгондун тандоосу боюнча) жазуу жүзүндө кабарландыруу жиберет.

(КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [73-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-73)  
Кийинки берене: [75-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-75)
