# 67-1-берене. Зомбулук жүрүм-турумун өзгөртүү боюнча оңдоп-түзөөчү программадан өтүү тартиби

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111528)
- Документтеги орду: 11-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 31-январындагы № 17 "Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 17
- Кабыл алынган күнү: 31.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.06.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-67-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-31/edition/1285933/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси, 67-1-берене (11.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-67-1

---

1. Зомбулук жүрүм-турумду өзгөртүү боюнча оңдоп-түзөөчү программадан өтүү жөнүндө талапты камтыган өкүмдү чыгарган сот өкүм мыйзамдуу күчүнө киргенден кийин анын көчүрмөсүн коомдон бөлөк кармоо менен байланышкан жазаларды жана кылмыш жаза-укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын аткаруучу мекемелерге аткаруу үчүн жиберет.

2. Зомбулук жүрүм-турумду өзгөртүү боюнча оңдоп-түзөөчү программадан өткөрүү тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.

(КР 2024-жылдын 7-августундагы N 161 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [67-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-67)  
Кийинки берене: [68-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-68)
