# 651-берене. Мүлктү конфискациялоо түрүндөгү жазаны аткаруунун тартиби

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111528)
- Документтеги орду: 10-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 31-январындагы № 17 "Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 17
- Кабыл алынган күнү: 31.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.06.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111528#diff=1285935..1285936>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-651>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-31/edition/1285933/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111528/st-651.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси, 651-берене (11.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-651

---

1. Соттолгондун мүлкүн конфискациялоо же Кылмыш-жаза кодексинин 69-беренесине ылайык конфискацияланууга жаткан предметтин ордуна акча каражаттарын же башка мүлкүн конфискациялоо жөнүндө өкүм чыгарган сот өкүм мыйзамдуу күчүнө киргенден кийин аткаруу баракчасын жана соттун өкүмүнүн көчүрмөсүн аткаруу үчүн мажбурлап аткаруу органына жиберет.

2. Мүлктү конфискациялоонун тартиби аткаруу өндүрүшү жөнүндө мыйзамдар менен аныкталат.

3. Ушул Кодекстин тиркемесинде белгиленген Тизмекке ылайык соттолгондун мүлкү конфискацияланууга жатпайт.

4. Соттун өкүмү боюнча конфискацияланууга жаткан соттолгондун мүлкүнүн таандыктуулугу жөнүндө талаштар жарандык процессуалдык мыйзамдарга ылайык чечилет.

(КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [65-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-65)  
Кийинки берене: [652-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-652)
