# 65-берене. Атайын, аскердик, ардак наамдан, класстык ченден, дипломатиялык рангдан, мамлекеттик сыйлыктардан ажыратуу түрүндөгү жазаны аткаруунун тартиби

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111528)
- Документтеги орду: 10-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 31-январындагы № 17 "Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 17
- Кабыл алынган күнү: 31.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.06.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111528#diff=1285935..1285936>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-65>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-31/edition/1285933/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111528/st-65.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси, 65-берене (11.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-65

---

1. Соттолгонду атайын, аскердик, ардак наамдан, класстык ченден, дипломатиялык рангдан, мамлекеттик сыйлыктардан ажыратуу жөнүндө өкүм чыгарган сот өкүм мыйзамдуу күчүнө киргенден кийин он жумушчу күндүн ичинде анын көчүрмөсүн соттолгонго наам, класстык чен, дипломатиялык ранг, мамлекеттик сыйлык ыйгарган ыйгарым укуктуу органга жиберет.

2. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган соттолгонду атайын, аскердик, ардак наамдан, класстык ченден, дипломатиялык рангдан, мамлекеттик сыйлыктардан ажыратуу жөнүндө жазууну белгиленген тартипте тиешелүү документтерге киргизет, мамлекеттик сыйлыктарды жана аларга карата документтерди алып коюуну жүргүзөт, ошондой эле аны тиешелүү наамдары, чендери, дипломатиялык рангдары, мамлекеттик сыйлыктары бар адамдар үчүн каралган укуктардан жана жеңилдиктерден ажыратуу чараларын көрөт.

3. Запастагы аскердик кызматкерге карата өкүмдүн көчүрмөсү аткаруу үчүн ал аскердик эсепте турган жери боюнча аскердик комиссариатка жиберилет.

4. Соттолгонго наам, класстык чен, дипломатиялык ранг, мамлекеттик сыйлыктарды ыйгарган ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган өкүмдүн көчүрмөсүн алган күндөн тартып бир айдын ичинде өкүм чыгарган сотко анын аткарылганы жөнүндө кабарлайт.

(КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [64-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-64)  
Кийинки берене: [651-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-651)
