# 64-берене. Эркиндигин чектөө түрүндөгү жазаны өтөөнүн тартибин жана шарттарын бузганы үчүн жоопкерчилик

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111528)
- Документтеги орду: 9-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 31-январындагы № 17 "Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 17
- Кабыл алынган күнү: 31.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.06.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111528#diff=1285935..1285936>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-64>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-31/edition/1285933/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111528/st-64.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси, 64-берене (11.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-64

---

1. Эркиндигин чектөө түрүндөгү жазаны өтөөнүн тартибин жана шарттарын бузуу төмөнкүлөр болуп саналат:

1) соттолгондордун мыйзамдарда белгиленген милдеттерди аткарбаганы;

2) соттолгондун ага сот тарабынан жүктөлгөн милдеттерди аткарбаганы.

2. Эркиндигин чектөө түрүндөгү жазаны өтөөнүн тартибин жана шарттарын жүйөлүү себептерсиз бузган учурда, пробация органы соттолгонго кайталап бузганда мүмкүн болуучу кесепеттер жөнүндө жазуу жүзүндө эскертет.

3. Мыйзамда белгиленген мөөнөттө пробация органына жүйөлүү себептерсиз келбеген же эркиндигин чектөөгө соттолгон адам жазаны өтөөдөн качкан учурда, пробация органы сотко эркиндигин чектөө түрүндөгү жазанын өтөлө элек мөөнөтүн эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазага алмаштыруу жөнүндө сунуштама киргизет.

(КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [63-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-63)  
Кийинки берене: [65-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-65)
