# 61-берене. Эркиндигин чектөө түрүндөгү жазаны аткаруунун тартиби

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111528)
- Документтеги орду: 9-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 31-январындагы № 17 "Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 17
- Кабыл алынган күнү: 31.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.06.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-61>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-31/edition/1285933/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111528/st-61.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси, 61-берене (11.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-61

---

1. Эркиндигин чектөөгө соттолгондор жазаны пробация органдарынын көзөмөлү астында, жашаган жери боюнча өтөйт.

2. Эркиндигин чектөөгө соттолгондор жазаны өтөө үчүн пробация органдарына соттун өкүмү мыйзамдуу күчүнө кирген күндөн тартып он календардык күндөн кечикпестен келүүгө милдеттүү.

3. Пробация органы:

1) соттолгондорду эсепке алууну жүргүзөт;

2) соттолгондорго жазаны өтөө тартибин жана шарттарын түшүндүрөт;

3) соттолгондордун сот тарабынан жүктөлгөн милдеттерди аткарышын контролдойт;

4) соттолгондордун жалпы кабыл алынган моралдык-этикалык жана укуктук ченемдерди сакташы боюнча иш жүргүзөт.

4. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары пробация органдарына эркиндигин четтөөгө соттолгон адамдардын эмгектик жана турмуш-тиричиликтик жайгашуусуна көмөктөшөт.

---

Мурунку берене: [60-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-60)  
Кийинки берене: [62-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-62)
