# 58-берене. Түзөтүү жумуштары түрүндөгү жазаны өтөөнүн тартибин жана шарттарын бузганы үчүн соттолгондордун жоопкерчилиги

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111528)
- Документтеги орду: 7-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 31-январындагы № 17 "Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 17
- Кабыл алынган күнү: 31.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.06.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111528#diff=1285935..1285936>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-58>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-31/edition/1285933/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111528/st-58.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси, 58-берене (11.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-58

---

1. Соттолгон адам түзөтүү жумуштары түрүндөгү жазаны өтөөнүн тартибин жана шарттарын бузгандыгы үчүн пробация органы анын себептерин ачыктагандан кийин, соттолгонго түзөтүү жумуштары Кылмыш-жаза кодексинде каралган башка кыйла катаал жаза менен алмаштырылышы мүмкүн экендиги жөнүндө жазуу жүзүндө эскертет.

2. Түзөтүү жумуштары түрүндөгү жазаны өтөө тартибин жана шарттарын бузуулар деп төмөнкүлөр таанылат:

1) каттоого туруу жана катталуу үчүн пробация органына жүйөөлүү себептерсиз өз убагында келбей коюу;

2) эмгек тартибин бузуу;

3) жашаган жеринин өзгөрүшү жөнүндө маалыматты өз убагында бербөө;

4) пробация органына иштеген жерин алмаштырганы (бошонгону) жана анын себептери жөнүндө жазуу жүзүндө кабарландыруу бербөө.

3. Соттолгондун оорусу жана аны өз убагында келүү мүмкүнчүлүгүнөн ажыраткан, документ менен ырасталган башка жагдайлар каттоого туруу жана катталуу үчүн пробация органына анын келбей коюусунун жүйөөлүү себептери болуп саналат.

4. Мыйзамда белгиленген мөөнөттө пробация органына жүйөлүү себептерсиз келбеген же түзөтүү жумуштары түрүндөгү жазаны өтөөдөн кыянаттык менен качкан соттолгондорго карата пробация органы сотко түзөтүү жумуштары түрүндөгү жазаны Кылмыш-жаза кодексинин 64-беренесинде каралган жазанын башка түрүнө алмаштыруу жөнүндө сунуштама киргизет.

5. Соттолгондун түзөтүү жумуштары түрүндөгү жазаны өтөөдөн кыянаттык менен качуусу болуп түзөтүү жумуштарын жазанын башка түрүнө алмаштыруу мүмкүн экендиги жөнүндө жазуу жүзүндө эскертүүдөн кийин жасалган, ушул берененин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн түзөтүү жумуштары түрүндөгү жазаны өтөө тартибин жана шарттарын кайталап бузуу таанылат.

6. Соттун өкүмү чыгарылгандан кийин жумушунан ажырап калган жана бир айдын ичинде өз ыктыяры менен жумушка орношпогон адамга пробация органы сотко түзөтүү жумуштары түрүндөгү жазаны 40тан 300 саатка чейинки мөөнөттөгү коомдук иштер түрүндөгү жазага алмаштыруу жөнүндө сунуштама киргизет.

(КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [57-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-57)  
Кийинки берене: [59-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-59)
