# 57-берене. Түзөтүү жумуштары түрүндөгү жазага соттолгондордун эмгек акыларынан кармап калуулар өндүрүшүнүн тартиби

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111528)
- Документтеги орду: 7-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 31-январындагы № 17 "Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 17
- Кабыл алынган күнү: 31.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.06.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111528#diff=1285935..1285936>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-57>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-31/edition/1285933/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111528/st-57.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси, 57-берене (11.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-57

---

1. Кармап калуу эмгек акы (акчалай күтүү) төлөөдө ар бир иштеген ай үчүн соттолгондун негизги иштеген жери боюнча эмгек акынын (акчалай күтүүнүн) бардык түрлөрүнүн бүтүндөй суммасынан жүргүзүлөт.

2. Соттолгондун эмгек акысынан (акчалай күтүүдөн) кармап калууларды жүргүзүүдө ишкананын, уюмдун, мекеменин администрациясы эмгек акынын (акчалай күтүүнүн) кармалып калган акча каражатынын бөлүгүнүн 50 пайызын аны контролдоону жүзөгө ашыруучу пробация органынын атайын эсебине, мамлекеттин кирешесине которот. Алынган акча каражаттары пробация органын өнүктүрүүгө жиберилет.

3. Кармап калуу социалдык камсыздандыруу жана социалдык камсыз кылуу тартибинде соттолгон тарабынан алынуучу жөлөк пулдардан, бир ирет төлөнүүчү төлөмдөрдөн жүргүзүлбөйт.

4. Пробация органы, соттолгон же ал иштеген ишкананын, уюмдун, мекеменин администрациясы анын материалдык абалы начарлаган учурда же ак ниет эмгеги үчүн сыйлоо тартибинде анын эмгек акысынан (акчалай күтүүдөн) кармап калуулардын өлчөмүн азайтуу жөнүндө сотко өтүнмө билдирүүгө укуктуу. Кармап калуулардын өлчөмүн азайтуу жөнүндө соттун чечими соттолгондун бардык кирешелерин эске алуу менен чыгарылат.

5. Соттун өкүмү өзгөргөндө соттолгонго анын эмгек акысынан (акчалай күтүүдөн) ашыкча кармалган сумма кайтарылып берилет.

6. Жазык иши боюнча өндүрүштүн токтотулушу менен соттун өкүмү жокко чыгарылган учурда соттолгонго анын эмгек акысынан (акчалай күтүүдөн) кармалып калган сумма толугу менен кайтарылып берилет.

7. Түзөтүү жумуштарына соттолгондун ар айлык эмгек акысынан (акчалай күтүүдөн) кармап калуулардын тууралыгын жана өз убагындагысын жана кармалып калган сумманын мамлекеттин кирешесине которулушун контролдоону жүзөгө ашырууда пробация органдары финансылык жана салык органдарын ишке тартууга укуктуу.

(КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [56-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-56)  
Кийинки берене: [58-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-58)
