# 56-берене. Түзөтүү жумуштары түрүндөгү жазага соттолгондордун жазаны өтөө орду боюнча ишканалардын, уюмдардын жана мекемелердин администрациясынын милдеттери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111528)
- Документтеги орду: 7-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 31-январындагы № 17 "Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 17
- Кабыл алынган күнү: 31.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.06.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111528#diff=1285935..1285936>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-56>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-31/edition/1285933/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111528/st-56.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси, 56-берене (11.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-56

---

1. Түзөтүү жумуштары түрүндөгү жазаны өтөө жери боюнча ишкананын, уюмдун, мекеменин администрациясына төмөнкүлөр жүктөлөт:

1) кармоолорду өз убагында жүргүзүү жана кармалган акча каражаттарын белгиленген тартипте которуу;

2) соттолгондун өндүрүштөгү жүрүш-турушун контролдоо;

3) соттолгон тарабынан иштелген убакыттын эсебин жүргүзүү;

4) пробация органдарына соттолгон адамдын жазаны өтөөдөн качканы жөнүндө кабарландыруу;

5) соттолгонго сыйлоо жана жаза-чараларын колдонуу жөнүндө пробация органдарына кабарландыруу;

6) пробация органдарына кармалган суммалардын өлчөмдөрү жана аларды которуу мөөнөттөрү жөнүндө кабарландыруу;

7) пробация органдарына соттолгондордун башка кызматка (жумушка) которулганы жана бошонгону, аларга кандай болбосун түрлөрдөгү өргүүлөрдүн берилгени жөнүндө күн мурун кабарландыруу.

2. Түзөтүү жумуштары түрүндөгү жазаны аткаруу жөнүндө соттун өкүмүн аткаруу боюнча милдеттер жүктөлгөн ишканалардын, уюмдардын же мекемелердин кызмат адамдары соттун өкүмүн аткарбаган учурда, пробация органдары ыйгарым укуктуу органдарга аларды Кылмыш-жаза кодексинин 64-беренесине ылайык жоопкерчиликке тартуу жөнүндө сунуштама киргизет.

(КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [55-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-55)  
Кийинки берене: [57-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-57)
