# 55-берене. Түзөтүү жумуштары түрүндөгү жазанын мөөнөтүн эсептөө

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/111528)
- Документтеги орду: 7-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 31-январындагы № 17 "Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси" Кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 17
- Кабыл алынган күнү: 31.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.06.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-55>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-31/edition/1285933/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111528/st-55.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.06.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодекси, 55-берене (11.06.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-55

---

1. Түзөтүү жумуштарынын мөөнөтү соттолгон иштеген жана анын эмгек акысынан кармоолор жүргүзүлгөн жылдарда жана айларда эсептелет. Соттолгон иштеген жумушчу күндөрдүн саны сот тарабынан белгиленген жазанын мөөнөтүнүн ар бир айына туура келген жумушчу күндөрдүн санынан кем болбошу керек. Эгерде соттолгон көрсөтүлгөн күндөрдү иштеп бербесе жана ушул Кодексте белгиленген иштеп берилбеген күндөрдү жазанын мөөнөтүнө кошуп эсептөөнүн негиздери жок болсо, түзөтүү жумуштарын өтөө соттолгон тарабынан тийиштүү жумушчу күндөрүн толук иштеп бергенге чейин улантылат.

2. Соттун өкүмү (токтому, аныктамасы) мыйзамдуу күчүнө киргенден кийин соттолгон адам жумушка чыккан күн түзөтүү жумуштарын өтөө мөөнөтүнүн башталышы болуп саналат.

3. Соттолгон адам эмгек мыйзамдарында каралган жүйөөлүү себептер боюнча иштебеген убакыт жазаны өтөө мөөнөтүнө кошулуп эсептелет.

4. Жумушчу убактысын жыйынтыктап кошуп эсептөө колдонулган ишканаларда, уюмдарда, мекемелерде иштеп жаткан соттолгондун жазаны өтөө мөөнөтү отчеттук мезгил үчүн белгиленген жумушчу сааттарынын санынан ашпаган жумуш убактысынын узактыгына жараша эсептелет.

5. Соттолгондорго жазаны өтөөнүн мөөнөтүнө төмөнкүлөр кошуп эсептелбейт:

1) ушул берененин 3-бөлүгүндө каралган учурларды кошпогондо, ал иштебеген убакыт;

2) алкоголдук, баңгизат же токсиндик зат менен мас болуудан келип чыккан оорунун убактысы;

3) бөгөт коюу чарасы катары тандап алынган үй камагында же кайтарууда болгон убакыт.

---

Мурунку берене: [54-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-54)  
Кийинки берене: [56-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111528/st-56)
